• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча биринчи Улуттук ыктыярдуу серебин сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасы БУУ экономикалык жана социалдык кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги саясий форумда Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча биринчи Улуттук ыктыярдуу серебин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Улуттук ыктыярдуу сереп менен видеоконференция режиминде Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Мукамбетов тааныштырды.

Улуттук ыктыярдуу серепте өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө негизги кадамдары чагылдырылып, орун алган маселелерге жана жетишилген ийгиликтерге талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле мындан аркы иштерди талап кылган чөйрөлөр аныкталды.

Кыргыз Республикасынын биринчи Улуттук ыктыярдуу сереби туруктуу өнүктүрүү жаатында 16 максатты камтыйт.

Улуттук ыктыярдуу серепте республикада жүргүзүлгөн туруктуу өнүктүрүүнүн башкы компоненттери – социалдык, экономикалык жана экологиялык саясатка негизделген 2030-жылга чейинки мезгилге Күн тартибинин максаттарын ишке ашырууда жетишилген прогресс белгиленген.

Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо процессинде азырынча чечиле элек маселелер, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы тобокелдиктери аныкталып, андан аркы кадамдары боюнча сунуштар даярдалды, анда кошумча күч-аракеттер талап кылынат. Алсак, Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын андан ары локалдаштыруу жана жергиликтүү деңгээлде жоопкерчилик системасын түзүү зарылдыгы сакталууда, алар кеңейтилет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында Улуттук ыктыярдуу серепте аныкталган сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча иштер улантылат. Бул иш мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусунун негизинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий