• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан тууралуу сөз болду: Дагестанда Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолугушту

Спорт 0


Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Дагестандагы “Анжи-Арена” стадионунда UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолугушту. Маанилүү иш-чара адамдардын тыгынынан улам үзгүлтүккө учурап кала жаздады.

Мушкердин миңден ашуун мекендеши көптөн күткөн окуяга бир мүнөт калганда аны өздөрүнүн орундарында тынч күтүп отурушкан. Бирок Хабиб аянтчага чыкканда баары кумирин көрүү үчүн жана аны менен эстеликке сүрөткө түшүү үчүн сахнага жулкунушуп, тыгылыш пайда болгон. Чемпион жана анын менеджери жарандардан өздөрүн маданияттуу алып жүрүүнү суранышкан.

Жыйынтыгында мушкердин өкүлдөрүнүн бири баарын тынчтанууга чакырып: “3-4 ай мурда биз Хабиб Нурмагомедов менен Кыргызстанда Бишкектин эли менен жолугушуу өткөргөнбүз. Ал иш-чарага 20 миңдей киши келген, бирок мындай башаламандык ал жакта болгон эмес”, - деп айткан.

Эске салсак, Нурмагомедов Кыргызстанга 23-24-январда келген.

Пикир

Оставить комментарий