• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биз жаңы доорду жаратышыбыз керек — Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

"Эл кызматында 500 күн" макаласынан үзүндү келтиребиз;

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө»

Тышкы саясатта стратегиялык өнөктөш мамлекеттер жана коңшу өлкөлөр менен алака, мамиле кылууну бир калыпка сала алдык. Негизги стратегиялык өнөктөш болгон Россия Федерациясынын жетекчилери менен тил табышууда дипломатиянын бийик үлгүсүнө жетиштик. Евразия Экономикалык Союздун мүчөлөрү болгон мамлекеттер менен аталган Союздун талаптарын толук аткарып, ишенимди бекемдедик.

Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу багытты тандап, бардык өлкөлөр менен алака түзүүнү, дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүүсүн каалаган өлкө экенин далилдеди.

Глазгодо климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү сактоо боюнча Дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жасаган билдирүү, демилгебизден кийин 2022-жылды БУУ «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий