• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан тышкы экономикалык алакада Кытайды башкы өнөктөш катары карайт – Жээнбеков

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргызстан тышкы экономикалык алакада Кытайды башкы өнөктөш катары карайт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон кеңири форматтагы сүйлөшүү учурунда билдирди. Белгилей кетсек, Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен кечээ келген.

Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан өз ара сооданы арттырып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар. Ал биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу өлкө үчүн социалдык маанилүү орду бар экенин айтып өттү.

"Сиздин жеке колдооңуз менен Кыргызстанда энергетика, унаа, айыл чарба жана сугат тармагында долбоорлор жүзөгө ашууда. Менин Кытайга болгон өткөн сапарымда 600 млн. юань өлчөмүндөгү гранттык жардам боюнча келишим жетишилген. Бул долбоор жакын арада ишке ашырыла баштайт деп ишенебиз", - деди ал.

Жээнбеков Кыргызстан жашыл Жибек жолу идеясына пикирлеш экенин айтып өттү.

"Кыргызстан таза, экологиялык азыктарды өндүрүп, экспорттой алат. Алар кытай рыногунда суроо-талапка ээ болот деп ишенем. Бүгүн продукция экспорту боюнча протоколго кол коюп, көп тармактуу агро өнөр-жай паркын түзүү боюнча макулдашуу түзүлөрүнө кубанычтамын. Иш жүзүндө Жибек жолунун жашыл экономика тармагындагы биринчи биргелешкен долбооруна старт беребиз", - деди мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий