• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын тышкы иштер министри Азербайжандын премьер-министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-июлунда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Баку шаарында Азербайжан Республикасынын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тышкы саясий ведомтсвонун башчысы Азербайжанга расмий иш-сапары менен келип кетүүгө чакыруусу үчүн премьер-министрге ыраазычылык билдирди жана КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун саламын жолдоду.

Тараптар эки тараптуу, саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эки тараптуу мамилелерди төмөнкү жолдор менен жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашуу жетишилди:

- соода-экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү, кийинки жыйын Баку шаарында өтөт;

- Кыргызстан менен Азербайжандан товарларды жана продукцияларды өз ара экспорттоо жана импорттоо маселелерине көңүл буруу. Тараптар акыркы 5 айда өз ара соода жүгүртүүнүн 67% га өсүүшүн канааттануу менен белгилешти жана кызматташтыктын аталган чөйрөсүн активдештирүүнү белгилешти;

- Баку-Бишкек каттамы боюнча түз аба каттамдарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;

- биргелешкен инвестициялык фондду түзүү;

- Азербайжандын «Алят» ЭЭАсын түзүү тажрыйбасын кыргыз тарапка өткөрүп берүү жана тиешелүү эксперттик топту Кыргызстанга жөнөтүү;

- Азербайжан өкмөтүнүн гранттары менен Бишкек шаарында эс алуу паркынын жана орто мектептин курулушун аяктоо;

- Бакуда Кыргызстандын соода үйүн түзүү;

- COVID-19га каршы вакциналарды Кыргызстанга жеткирүү боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.

Министр Р.Казакбаев 2020-жылдын апрелинде өкмөт тарабынан гуманитардык жардамдын медициналык дары-дармек түрүндө берилгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, эки тарап Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы бардык чөйрөлөрдө активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга бекем даяр экендигин билдиришти.

Министр Р.Казакбаев инвестицияларды тартуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу, коррупцияга жана криминалитетке каршы күрөшү,; мамлекеттик башкарууну жана сот тутумун реформалоо боюнча Азербайжандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында Азербайжандын өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга 2021-жылдын күзүндө келүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий