• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстан (U-19) Азия чемпионатынын тандоо турунда Иран, БАЭ жана Непал менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын 19 жашка чейинки курама командасы Азия чемпионатынын тандоо турунда Иран, Бириккен Араб Эмираты жана Непал менен ойнойт.

Жалпысынан 46 команда 11 топко бөлүнүп, Кыргызстан D группасына туш келди.

Кыргыз футболчулары өзүнүн оюндарын Иранда өткөрүшөт.

Тандоо турунун жыйынтыгы боюнча Азия биринчилигине 16 курама команда өтөт – өз группасында биринчи орунду ээлеген 11 команда жана экинчи орунду ээлеген 5 мыкты команда.

Азыркы учурда бул куракта Азия чемпиону – Сауд Аравиия.

Пикир

Оставить комментарий