• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кыргызстан улуттук электр тармагынын» филиалдары кышка даярдык паспортторун алышты

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын бардык филиалдары - Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын - жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканалары күз-кыш мезгилинде иштөөгө даяр экендиги жөнүндө паспортторду алышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, даярдык паспортторун берүү чечими «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өтүү боюнча туруктуу иштөөчү штабынын жыйынында атайын комиссиялардын актыларын кылдаттык менен карап чыккандан кийин кабыл алынды.

Даярдык паспорту күзгү-кышкы максималдуу жүктөмдөр шартында электр тармактар комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл шарттардын аткарылгандыгын тастыктаган негизги документ болуп саналат.

"Бул документти алуу үчүн компаниянын филиалдарында бир топ жумуштар аткарылды. Негизги жана көмөкчү жабдуулардын пландык, учурдук, капиталдык оңдоолору, көмөк чордондорду (КЧ) жана электр берүү чубалгыларын (ЭБЧ) модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, кышка даярдык көрүүнүн алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 89 көмөк чордонундагы жабдуулардын капиталдык оңдоо иштери, 196 көмөк чордонундагы учурдук оңдоо иштери аткарылды. 458,8 чакырымды түзгөн 110 - 500 кВ аба чубалгыларынынын капиталдык оңдоо иштери, 6724,3 чакырымды түзгөн 110 - 500 кВ аба чубалгыларынын техникалык тейлөө иштери аткарылды. Андан тышкары, имараттар, курулмалар, унаалар оңдолуп, электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, филиалдардын электр тармактарынын даярдыгы комиссиялар тарабынан жерине баруу менен текшерилди. Компаниянын филиалдарынын - жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдыгын баалоо боюнча комиссиянын курамына компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилери жана техникалык адистери, ошондой эле КР Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий