• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаңы жетекчилери дайындалды

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жамаатына жаңы башкы директорду жана анын орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Жумаев Медетбек Эргешович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору болуп дайындалды.

Шадыканов Талантбек Жумалиевич башкы директордун экономика жана финансы боюнча орун басары, Жакыпов Бакытбек Алыкулович башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары жана Рысбеков Алтынбек Дурусбекович башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестиция боюнча орун басары болуп дайындалды.

Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Байгазиев бул дайындоолор республиканын энергетика системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана төрт бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияладын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кошулуусу алкагында жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Жаңы башкы дирекцияга жана компаниянын жалпы жамаатына ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалап, азыркы учурда акционердик коомдун алдында стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы көмөк чордондорду жана электр берүү чубалгыларын куруу, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, дебитордук карыздарды чогултуу, алдын-ала төлөө системасына этап-этабы менен өтүү, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча негизги милдеттер коюлганын белгиледи.

Өз кезегинде жаңы башкы директор жана анын орун басарлары көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдиришип, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшаарын белгилешти.

Директорлор кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы дирекциясы төмөнкүчө аныкталды: Башкы директор Жумаев Медетбек Эргешович. Башкы директордун биринчи орун басары Жумакадыров Алмасбек Маамытович жана профилдик маселелер боюнча үч орун басары – экономика жана финансы боюнча Шадыканов Талантбек Жумалиевич, коммерциялык маселелер боюнча Жакыпов Бакытбек Алыкулович, капиталдык курулуш жана инвестиция боюнча Рысбеков Алтынбек Дурусбекович.

Пикир

Оставить комментарий