• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы энергетикалык объектилерде оңдоо иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 8 айынын ичинде “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерде капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ишкананын башкы директору Эмил Куданалиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бул жылы 110 жогорку вольттогу 98 көмөкчордондо жана узундугу 145,5 чакырымды түзгөн электр чубалгыларда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

“Кезектеги оңдоп-түзөө иштери чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору болгон 172 көмөкчордонунда, 92 трансформатордо жүргүзүлгөн. Компаниянын адистери чыңалуусу 110 кВ түзгөн аба чубалгыларынын 5070 чакырымына техникалык кызмат көрсөтүштү. Кыш мезгилине карата жасалган негизги иштерден тышкары, унааларда, имараттарда жана башка объектилерде капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, электр объектилери табигый кубулуштардан жабыркашынын алдын алуу жана көмөкчордондорго жана башка электробъектилерге баруучу жолдорду тазалоо боюнча да иштер уланууда”, - дейт Куданалиев.

Ал белгилегендей, баардык иштер ишкананын өзүнүн күчү менен жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий