• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын филиалдары кышка даярдык паспортторун алды

Коом 0

Бишкек, 30.11.20 /Кабар/. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдары - Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын - жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканалары күз-кыш мезгилинде иштөөгө даяр экендиги жөнүндө паспортторду алышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Даярдык паспортторун берүү чечими «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өтүү боюнча туруктуу иштөөчү штабынын жыйынында атайын комиссиялардын актыларын кылдаттык менен карап чыккандан кийин кабыл алынды.

Даярдык паспорту күзгү-кышкы максималдуу жүктөмдөр шартында электр тармактар комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттардын аткарылгандыгын тастыктаган негизги документ болуп саналат.

Бул документти алуу үчүн компаниянын филиалдарында бир топ жумуштар аткарылды. Негизги жана көмөкчү жабдуулардын пландык, учурдук, капиталдык оңдоолору, көмөк чордондорду (КЧ) жана электр берүү чубалгыларын (ЭБЧ) модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүп, материалдардын авариялык запасы түзүлдү.

Ошентип, кышка даярдык көрүүнүн алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 122 көмөк чордонундагы жабдуулардын капиталдык оңдоо иштери, 195 көмөк чордонундагы учурдук оңдоо иштери аткарылды. 369 чакырымды түзгөн 110 - 500 кВ аба чубалгыларынынын капиталдык оңдоо иштери, 7118,1 чакырымды түзгөн 110 - 500 кВ аба чубалгыларынын техникалык тейлөө иштери аткарылды. Андан тышкары, имараттар, курулмалар, унаалар оңдолуп, электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Филиалдардын электр тармактарынын даярдыгы комиссиялар тарабынан жерине баруу менен текшерилди. Компаниянын филиалдарынын - жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдыгын баалоо боюнча комиссиянын курамына компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилери жана техникалык адистери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирди.

Пикир

Оставить комментарий