• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан Венгриянын Обуда университети менен энергетика тармагында кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Энергетика министрлиги менен Венгриянын Обуда университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Венгриянын Обуда университетинин ректору жана кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Обуда университетинин энергетиканын кайра жаралуучу булактыра (ЭКБ) боюнча иш алып барган кадрларды даярдоо жагынан тажрыйбасы бар. Мындан улам Ибраев ЭКБ боюнча долборлорду ишке ашыруу үчүн тажрыйба алмашуу максатында жолугушуу уюштурду.

Жолугушуунун алкагында тараптар энергетика тармагы боюнча кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу, Кыргыз-Венгрия фондун ишмердүүлүгү жана башка маселелер тууралуу талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен Обуда университетинин (Венгрия) ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана электр энергетикасы жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Аталган Меморандумдун алкагында тараптар өз ара өз ара байланыштын
төмөнкү формаларын кароого ниеттенүүдө:

- энергия тутумун оптималдаштыруу (электр энергиясынын жоготуусун минималдаштыруу);

-0,4 - 500 кВ тармактарда электр энергиясынын коромжулуктарын азайтуу жана эсепке алууну автоматташтыруу боюнча иш-чараларга сунуштарды иштеп чыгуу жана ыкмаларды изилдөө;

- чакан гидроэлектростанцияларды курууда жана өнүктүрүүдө кызматташуу;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жол картасын иштеп чыгуу жана аларды Кыргызстандын салттуу түзүлгөн энергия системасына интеграциялоо;

- Окуу борборлору менен биргеликте даярдоо курстарын, семинарларды, техникалык кеңешмелерди жана жумушчу жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү;
- энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү;

- отун-энергетикалык комплексинде инновациялык иштин маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды уюштуруу жана аларга биргелешип катышуу;

- кызматташуу жаатына тиешелүү маалымат алмашуу, анын ичинде электр энергиясынын рыногунун ишине тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды, рыноктун катышуучуларынын өз ара мамилелеринин механизмдерин жана жөнгө салуу ыкмаларын изилдөө;

- тараптардын кызматташуу максаттарына жетүүгө багытталган келишимдерди (макулдашууларды) түзүү.

Мындан аркы кадамдар эки тараптын коюлган пландарын ишке ашыруу максатында жол картасы түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий