• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан 8 заманбап көчмө медициналык комплекске ээ болду

Ден соолук 0


Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев каражаттары Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан башкарылган Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кайтарымсыз каражатынан каржыланган «Ден соолук кербени» долбоорунун алкагында 8 көчмө медициналык комплекстерди салтанаттуу түрдө кабыл алды.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Кыргызстандын өнөктөштөрүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө чыныдыгында эле ушундай техникага муктаж экенин билдирди.

«Белгилүү болгондой Кыргызстандын алыскы тоолуу жерлеринде сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги байкалат. Анализдерди кабыл алуу, УЗИ, рентген жана так диагноз коюуда көйгөйлөр бар. Ушуга байланыштуу Евразия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен биз заманбап медициналык жабдыкты алдык. Техника Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, андан тышкары Улуттук госпиталга берилет. Андан ары сапаттуу меджардамга муктаж болгон аймактарга жөнөтүлүп турат. Баткен облусуна жана анын райондоруна, чек арага жакын аймактарына өзгөчө көңүл бурулат»,-деди министр.

Мындан тышкары, техникаларды берүүнүн жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоорлук блогунун аткаруучу директорунун милдетинаткаруучу А.Широковдун ортосунда видеобайланыш болду. Широков кыргыз тарапты республика үчүн маанилүү болгон долбоордун ишке аша башташы менен куттуктады.

"Ден-соолук кербени" долбоорунун максаты - ар кандай ооруларды, анын ичинде эрте баскычта аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу менен айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардагы калктын ооруларынын алдын алуу жана диагностоону жакшыртуу.

Долбоор боюнча ЕТӨФ гранттык каржылоосунун көлөмү 2 млн АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий