• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан бирдиктүү туристтик виза киргизиши мүмкүн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан бирдиктүү туристтик виза киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Руслан Казакбаев массалык маалымат каражаттарында Орто Азия мамлекеттери туристтер үчүн бирдиктүү виза киргизиши мүмкүн деген маалымат чыккан. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө деп кабарланган. Ошол маселе кандай болуп атат, – деп Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө суроо узаткан.

Омокеев мындай жумуштар болуп атканын билдирип, бул маселе каралууда деп кошумчалады.

Анын маалыматы боюнча, Өзбекстан менен Казакстан бирдиктүү туристтик виза киргизип жатат. Казакстанга келген туристтер ошол эле виза менен Өзбекстанга дагы бара алат.

"Биз бул маселени изилдөөдөбүз", – деди Омокеев.

Эске салсак, Казакстан менен Өзбекстан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү туристтик виза киргизүүнү пландоодо. Silk visa деп аталган долбоор 2019-жылы иштеп баштай тургандыгы кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстан бул демилгеге кошулууга кызыкдар экени айтылып келет.

Пикир

Оставить комментарий