• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Өзбекстандагы көргөзмөгө кеңири курамда катышты

Коом 0

Ташкент, 13-апрель /Толонбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн Өзбекстанда “Эс алуу дүйнөсү - 2017” Эл аралык өзбек туристтик көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

Көргөзмөгө КРнын туризм индустриясынын 21 өкүлү катышты. Анын ичинде, “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Кыргыз деңизи”, «Аврора Плюс», «Ысык-Көл Аврора» санаторийлери, «ДОС ТУР», «Каприз», «Logos Travel», «Osh Travel» «Kyrgyz Pamir Tours» жана башка туристтик компаниялар бар.

«Logos Travel» туристтик компаниясынын башкы директору Алтынбек Бегалиевдин айтымында, кыргыз делегациясы Өзбекстандагы мындай кеңири эл аралык көргөзмөгө алгачкы ирет катышты. “Көргөзмөгө катышуубуздун башкы максаты – Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөтүү, өзбек тарап менен гана эмес, иш-чаранын башка катышуучулары менен дагы өз ара пайдалуу, иштиктүү байланыштарды түзүү”, - деп билдирди ал.

14-апрелде “Эс алуу дүйнөсү - 2017” Эл аралык өзбек туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалынын бет ачары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий