• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан Өзбекстанга 550 млн кВт саат электр энергиясын экспорттойт

Экономика 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин 550 кВт саат электр энергиясы кошуна өлкөгө сатылат.

Маалыматка караганда, электр кубатынын 1кВт сааты 2,4 центтен сатылып, жалпысынан экспорт 13 млн. 200 миң долларга бааланды.

Жайкы сезондо Кыргызстан Өзбекстанга 1,25 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Анын 1 кВт саат электр энергиясын 2 центтен бааланган. Бул келишим октябрь айында бүттү.

Пикир

Оставить комментарий