• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Өзбекстанга айыл чарба товарларын экспорттой баштады – Ниязбекова

Экономика 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Кыргызстан айыл чарба товарларын 2019-жылдын сентябрь айынан тарта Өзбекстанга экспорттоодо. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Кыргызленд" экспортчулар жана импортчулар кыргыз ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанга картошка, ошондой эле чарба үчүн койлор экспорттолуп жатат.

"Биз 2019-жылы өзбекстандык "Жаш кайрат агро" компаниясы менен 2,5 млн долларга айыл чарба азыктарын экспорттоо боюнча келишим түзгөнбүз. Мындан сырткары, дагы өзбекстандык үч компания менен 4 млн долларлык келишимге кол койдук. Ушул жылдан бери картошка жана койлор экспорттоло башталды. Бүгүнкү күндө Өзбекстанга Кыргызстандын айыл чарба товарлары мыйзамдуу, документалдуу түрдө чыга алаарын далилдедик", - дейт Ниязбекова.

Ал белгилегендей, Өзбекстан койлорду эт катары эмес, чарбасын көбөйтүү максатында импорттоодо.

Пикир

Оставить комментарий