• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан Өзбекстанга картошка сата баштады

Экономика 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Кыргызстан Өзбекстанга картошка жеткирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын орто ченинде КРнын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен Өзбек Республикасынын министрлер кабинетине караштуу өсүмдүктөрдун карантини боюнча мамлекеттик инспекциясыТашкент шаарында болгон эки тараптуу жолугушууда, Өзбекстанга картошканы экспорттоо боюнча маселе каралган. Өзбекстан тарап Кыргызстандан картошканы алып келүү үчүн 17 фирманын тизмесин бекитип, айтылган фирмалар аркылуу картошка сатып аларын билдирген.

Учурда ушул фирмалар менен Кыргызстан тараптагы ишкерлер келишимдерди түзүү жана картошканы экспорттоо жагы каралууда.

Жогорудагы эки тараптуу жолугушуудан кийин Өзбекстанга картошканы сатуу боюнча Ысык-Көл облусунда “Наманган Универсал Савдо-Инвест”МЖЧ фирмасы аркылуу Өзбекистан Респуликасына картошка чыгаруу үчүн жеке ишкер Д. Мусабаева менен 2 миң тоннага келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө 66 тонна картошка жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий