• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жакын арада AstraZeneca вакцинасынын 2,6 млн дозасын алат

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргызстанга бүгүн, 30-июлда AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасы келди.

Вакцинаны өткөрүп берүү аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 2,6 млн дозасынын келиши күтүлүп жатканы айтылды.

Жылдыз Бакашова эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, өлкө башчы жарандарды эмдөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурарын маалымдады.

Эскерет кетсек, Кыргызстан 2020-жылдын сентябрь айынан тарта COVAX программасынын мүчөсү болуп келет.

Пикир

Оставить комментарий