• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана БАЭ билим берүү тармагы боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты

Билим 0

Бишкек, 11.01.20. /Кабар/. Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлору Бириккен Араб Эмираттарынын Билим берүү министри Хусейн бин Ибрагим Аль Хаммади башчылыгындагы делегация менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда 2019-жылдын 12-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун БАЭге жасаган расмий иш сапарында кол коюлган эки мамлекеттин Билим берүү жана илим министрликтери ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар эки мамлекеттин билим берүү жана илим изилдөө институттарынын билим берүү, илимий-техникалык мамилелерин өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен изилдөө топторун түзүү суроолорун талкуулашты.

Мындан сырткары лекция, симпозиум, көргөзмө, китеп жарменкелери аркылуу билим берүү жана илим жумалыгын өткөрүү боюнча пикир алышты.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринин базасында Ресурстук борборду түзүү жана БАЭнин жогорку окуу жайларында кыргызстандыктар үчүн гранттык орундарды бөлүү сунушу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий