• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстан жана БАЭнин ТИМ башчылары кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштери министри Руслан Казакбаевдин эмираттык кесиптешинин чакыруусу боюнча Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапары болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 1-2-мартында Абу-Даби шаарында Казакбаевдин БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министри Шейх Абдалла бин Заед Аль-Нахайян, ошондой эле БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу мамлекеттик министри Ахмад Али Аль-Сайег менен эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жана кызматташтыктын кеңири күн тартиби боюнча сүйлөшүүлөрү өттү.

Эмират тарап Дубай шаарындагы «Экспо – 2020» эл аралык көргөзмөсүнө активдүү, жогорку деңгээлде катышкандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, кыргыз тарапты 2022-жылдын 27-мартына пландаштырылган «Экспо – 2020» көргөзмөсүнүн жабылуу аземине катышууга чакырды.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Дубай «Экспо – 2020» эл аралык көргөзмөсүнүн ишине катышуусунун жүрүшүндө, БАЭнин министрлер кабинетинин жана келечек иштери боюнча министри Мухаммед бин Абдалла Аль-Гаргави менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мурда жетишилген эки тараптуу келишимдерди тез арада ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, технологиялык, инвестициялык, маданий жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыктын абалын жана өнүгүү келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар пандемиянын глобалдык экономиканын абалына жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлине терс таасирин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүүгө багытталган жигердүү биргелешкен аракеттерди көрүү зарылдыгын жана эки тараптын умтулуусун тастыкташты.

Ушуга байланыштуу, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу ниеттерди жана пландарды иш жүзүндө ишке ашырууга багытталган биргелешкен иш-аракеттердин жана иш-чаралардын «Жол картасын» иштеп чыгууну, анын ичинде кезектеги ТИМдер аралык саясий консультацияларды жана биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын (ӨАК) жыйындарын тез арада өткөрүү жөнүндө макулдашты.

БАЭнин мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, алдыңкы технологияларды жана инновацияларды ишке киргизүү чөйрөсүндөгү кардиналдуу реформаларды ишке ашыруудагы олуттуу тажрыйбасын эске алуу менен, тараптар Өкмөттөр аралык акселератор боюнча биргелешкен эксперттик жумушчу топтун, ошондой эле тажрыйба, «ноу-хау» жана инновациялык технологиялар менен алмашуу боюнча кыргыз-эмират эксперттик жумушчу тобунун ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташуунун бир катар чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин эске алуу менен, министр Р.Казакбаев туризм, айыл чарба, энергетика, жер казынасын пайдалануу, Кыргызстандын калкы үчүн жеткиликтүү турак жай курууну ипотекалык кредиттөө жана башка тармактарда долбоорлорду жүзөгө ашыруу максатында тез арада Кыргыз-Эмират биргелешкен инвестициялык фондун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчү жана жүк ташуучу авиаташууларды мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти. Тараптардын финансы секторунда кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдардыгы менен катар ислам каржылоо механизмдерин ишке киргизүүнүн маанилүүлүгү да айтылды.

Башкы Ассамблея тарабынан «Жаратылыш чек араны тааныбайт», «Мөңгүлөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жөнүндө» жана «2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» резолюциялардын кабыл алынышы сыяктуу Кыргызстандын БУУнун алкагындагы маанилүү эл аралык демилгелери тууралуу маалымдап, жана эмират тарабын кезектеги СОР-28 Климаттык Саммитти БАЭде өткөрүү чечими менен куттуктап, министр Казакбаев биргелешкен аракеттерди «жашыл» экономиканы ишке киргизүү боюнча долбоорлорду жана айлана-чөйрө менен климатты коргоо жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө жумшоону сунуш кылды.

Руслан Казакбаев эмираттык кесиптешине мурда кол коюлган «КР менен БАЭ ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди» ратификациялоону жана күчүнө киргизүүнү тездетүү өтүнүчү менен кайрылды.

БАЭнин аймагында иштеген кыргыз жарандарынын санынын көптүгүн, ошондой эле бул достук өлкөнүн эмгек рыногунда алардын санынын көбөйүү ыктымалдыгын эске алуу менен, Казакбаев ошондой эле эмират тараптын кароосуна КРнын кызматтык жана жалпы жарандык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуш киргизди, жана ошондой эле БАЭде иштеген кыргыз жарандары үчүн эмират бийликтери тарабынан жагымдуу шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Мындан тышкары, кыргыз-эмират мамилелеринин деңгээли жогору экендигин жана эки өлкөнүн элдеринин маданий жалпылуулугун эске алуу менен, министр Казакбаев эмират өнөктөштөрүн Кыргызстанда Араб маданиятынын борборлорун, биргелешкен жогорку окуу жайларын, биргелешкен кыргыз-эмират мектептерин жана кесиптик-техникалык лицейлерин ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырды.

Ошондой эле КР тышкы иштер министри БАЭ өкмөтүнүн коррупцияга жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы терең практикалык тажрыйбасын колдонууга кыргыз тараптын кызыкдарлыгын өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар дүйнөдөгү эл аралык, анын ичинде Украинадагы кырдаалдын учурдагы өнүгүү абалын талкуулашты.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөнүн жетекчилигинин өз ара сапарларын уюштуруу жана даярдоо маселелерин көтөрүштү. Мамлекеттер аралык кызматташтыкты координациялоо маселелеринде тышкы саясий ведомстволордун алдыңкы ролун эске алуу менен, тараптар эки мамлекеттин тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун линиясы боюнча эки тараптуу өз ара мамилелердин жана долбоорлордун актуалдуу маселелерин иштеп чыгуу тууралуу макулдашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө протоколго кол коюшту. Тараптар кол койгон протокол менен эки өлкөнүн инвестициялар, эки тараптуу соода, туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыгын активдештирүүнү, маалымат жана тажрыйба алмашууну, эл аралык күн тартиби жана соода-экономикалык маселелер боюнча консультацияларды, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелери каралган.

Пикир

Оставить комментарий