• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Беларусь ТИМ башчыларынын орун басарлары жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назарук менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Ош шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун алкагында болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Н.Ниязалиев белгилегендей, акыркы жылдары тараптар кыргыз-беларусь мамилелерин куруу боюнча бир топ иштерди аткарышкан. Тактап айтканда, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана парламенттер аралык байланыштар, ошондой эле эл аралык жана интеграциялык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери жигердүү ишке ашырылууда.

Ал ошондой эле Кыргызстандын менен Беларустун тиешелүү ведомстволорунун жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында өтүп жаткан жолугушууларынын жана бизнес-форумдун жыйынтыктары Кыргызстандын менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызмат кыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий