• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан жана Беларусь ТИМдеринин ортосунда кызматташуу Программасына кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-июнунда Минск шаарында КР Тышкы иштер министрлиги менен Беларусь Тышкы иштер министрлигинин ортосунда тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деӊгээлиндеги кезектеги саясий консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган консультацияларга кыргыз тарабынан КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жетектеген тышкы саясий мекеменин делегациясы катышты. Ал эми Беларусь тарапты Беларустун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Александр Гурьянов жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттарынын абалы жана келечеги, келишимдик-укуктук базаны кеӊейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу регионалдык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү боюнча маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар үстүбүздөгү жылга карата жогорку жана эң жогорку деӊгээлдеги саясий байланыштардын графиктерин белгилешти, аны менен бирге соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык Комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү пландашты.

Консультациялардын жүрүшүндө, тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуусу өз ара ишенимдин, өз ара колдоонун жана достук мамиленин нугунда өнүгүп жатканын белгилешти. Делегация башчылары өз ара кызматташунун бардык багыттары боюнча, анын ичинен Кыргызстан менен Беларустун ЕАЭБ, КМШ, ЖККУдагы мүчөлүгүн эске алып, мындан ары дагы кызматташууну кеӊейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан ТИМи менен Беларусь ТИМнин ортосундагы 2021-2022-жылдарга карата кызматташуу Программасына кол коюшту.

Иш-сапардын жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Мадмаров Беларусь менен салттуу достук жана ишенимдүү мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө умтулуусун билдирип, Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макейдин дарегине КР тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин атынан ушул жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүү чакыруусун берди.

Мындан тышкары, А.Мадмаровдун Беларуска болгон иш сапарынын алкагында анын Беларустун Соода-экономикалык палатасынын президенти Владимир Улахович менен жолугушуусу болду.

Аталган жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан ары кеӊейтүү жана бекемдөө маселелери талкууланды. Кыргызстан беларусиялык инвестицияларына ачык жана алардын инвестициялык демилгелерин жана долбоорлорун колдоого, ошондой эле аларды ишке ашырууга максималдуу көмөк көрсөтүүгө кыргыз тарап даяр экендигин ырастады.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда инвестициялык кызматташууну, анын ичинде биргелешкен ишканаларды Кыргызстандын аймагында куруу мүмкүнчүлүгүн мындан ары кеӊейтүү маанилүү экендигине көӊүл бурушту. Беларусь тарапка кыргыз-беларусь бизнес форумун 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий