• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Чехия энергетика жана туризм жаатында кызматташууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Чехиядан келген ишкерлер тобу менен жолугушту.

Уюмдун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, тараптар жолугушууда энергетика, туризм жана асма жол куруу жаатында кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.

"Чех ишкерлеринин Кыргызстандын аймагында тажрыйбасы бар жана бир нече компаниялар менен кызматташууда. Ошондой эле алар биздин өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү болууну каалашканын жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө кызыкдар экендигин билдиришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Темир Сариев өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган сунуштардын бардыгын кыргыз тарап карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болуп саналат. Асма жолдорду куруу жана өнүктүрүү биздин республиканы ички жана тышкы туризм үчүн жагымдуураак кылып, инфраструктураны өнүктүрүүгө түрткү болуп, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан бардык сунуштарды кароого даяр", - деп белгиледи Темир Сариев.

Соода-өнөр жай палатасы өз кезегинде чех бизнесмендерине Кыргызстандын компаниялары менен кызматташууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий