• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана ЕБ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кечээ, 25-мартта Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кызматташтык комитетинин кезектеги 17-жыйыны видеоконференция форматында өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Европа Биримдигинин делегациясын Европа тышкы иш-аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүгү, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкармалыгынын башчысы Люк Девин жетектешти.

Тараптар өз ара ишенимдүү диалог форматында Комитеттин 2019-жылдагы жолугушуусунун алкагында жана Covid -19 пандемиясын эске алуу менен, Кыргызстан менен Европа Биримдиги ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдердеги кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле 2021-жылы Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушууда ошондой эле мыйзамдуулук, демократиялык процесстер, жарандык эркиндик, адам укуктары, Кыргызстандын мамлекеттик секторун реформалоо, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо, экономикалык реформалар, сот реформасын ишке ашыруу, 2021-жылы боло турган КР Жогорку Кеңешине шайлоо маселелери, коррупцияга каршы күрөш, соода жана инвестиция боюнча чакан комитетинин 18-жыйынынын жыйынтыктары, Кыргыз Республикасы-Европа Биримдиги өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча чакан комитетинин 3-жыйыны башка маселелерди талкуулашты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын бардык спектрин өнүктүрүүнүн, анын ичинде Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы долбоордук жана программалык ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташууну улантуунун зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий