• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жана Экваториалдык Гвинея Республикасы кызматташат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 13-мартта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Экваториалдык Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баяндама жасады. Анын айтымында, Кыргызстан Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) мүчө-мамлекеттердин баары менен дипломатиялык мамилелерди орнотууга умтулат. Муну менен Кыргызстандын эл аралык аренадагы кызыкчылыгы алга жылат.

Комитет мүчөлөрү Кыргызстандын Экваториалдык Гвинея Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди орнотуусуна макулдук берүү боюнча чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий