• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана ЕРӨБ ортосундагы кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Каракол шаарынын „Суу каналы“ муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо“ долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынан инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий