• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Финляндия тышкы иштер министрлери кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Кечээ, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, өзгөчө соода-экономикалык байланыштарды, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого басым жасалды.

Тараптар кыргыз-финляндиялык мамилелерин кеңейтүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу жана Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошкон түрдүү иш-чараларды өткөрүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда министр Ж.Кулубаев ошондой эле маектешке кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана талаштуу маселелерди саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий