• 79.5
  • 84.64
  • 1.3

Кыргызстан менен Финляндиянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнө 25 жыл болду

Саясат 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Финляндия Республикасынын Президенти Саули Нийнистё эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Финляндия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыӊыз.

Кыргызстан менен Финляндия ортосундагы достук мамилелер андан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана эки элдин жакшылыгы үчүн конструктивдүү диалогдун нугунда өнүгөт деп ишенем», - деп айтылат Президент Алмазбек Атамбаевдин катында.

Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев Финляндия Президенти Саули Нийнистёго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми дос Финляндия элине тынчтык менен бакыбаттыкты каалады.

Финляндия Республикасынын Президенти Саули Нийнистё Президент Алмазбек Атамбаевди өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктады.

«Мен биздин достук мамилелердин мындан ары да бекемделе беришине кубанам. Менин өтө жогорку сый-урматымды кабыл алыңыз», - деп айтылат катта.

Пикир

Оставить комментарий