• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Германиянын туристтик компаниялары B2B форматында жолугушту

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстан жана Германиянын туристтик компаниялары B2B форматында жолугушту.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу ITB Berlin-2023 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын маданият министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөштү.

Кыргызстандын КАТО, КАТОС ассоциацияларынан турган туристтик компаниялар жана дестинациялардын өкүлдөрү өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. B2B форматындагы жолугушуунун катышуучулары пикир алмашып, туризм тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышты.

Жолугушуунун катышуучулары үчүн Кыргызстандын туризм дарамети тууралуу сүрөт көргөзмө, видео роликтер жана таркатма материалдар көрсөтүлүп, кыргыздын улуттук даамдары тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий