• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жана Индия аялдар ишкердигин өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кечээ, 24-мартта Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Индиянын Текстиль өнөр жайы, аялдар жана балдар маселелери боюнча министри Смрити Зубин Ирани менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгилеп, аялдар ишкердигин жана текстиль бизнесин өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Министр кыргыз тараптын сунушун колдоп, Индиянын Кыргызстанга болгон чоң урматтоосун эске алганда, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты аялдардын ишкердүүлүгү боюнча иштеп жаткан программалардын призмасы аркылуу кеңейтүү мүмкүн экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар төмөнкү келишимдерге келишти:

- кыргыз кол өнөрчүлөрү үчүн текстиль өнөр жайындагы алмашуу программаларын карап чыгуу;

- эки өлкөнүн ортосундагы аялдардын ишкердигин колдоо боюнча микро-ишканаларга же уюмдарга насыя берүүнү караган «Мудра Йожана» сыяктуу натыйжалуу программаларды мамлекеттик деңгээлде даярдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү;

- эки өлкөнүн баалуулуктары, каада-салты жана маданияты менен таанышуу үчүн мектеп окуучулары үчүн алмашуу программаларын караштыруу;

- кол өнөрчүлүк өндүрүшү жана колдонмо искусствосу боюнча тажрыйба жана көндүмдөр менен алмашуу.

Пикир

Оставить комментарий