• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Иран элчилери кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-августта Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалалинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар COVID-19га байланыштуу өлкөлөрдөгү кырдаал, ошондой эле инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алмашышты.

Тараптар Кыргызстан менен Ирандын эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө өз ара каалоолорун билдиришти, кыргыз-иран кызматташтыгын чыңдоо максатында ар кандай деңгээлде эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелердин келечеги боюнча пикир алмашышты, ошондой эле байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү боюнча бирдиктүү түшүнүккө келишти.

Пикир

Оставить комментарий