• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан жана Иран парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат – КР ТИМ башчысы

Саясат 0

Бишкек, 19-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан жана Иран парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстанга расмий сапары менен келген Ирандык кесиптеши М.Ж. Зариф менен жолугушуунун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан жана Иран кызматташуусунда парламенттер аралык байланыштын өнүгүүсү абдан маанилүү. “Буга байланыштуу, биз ирандык кесиптешибиз экөөбүз, бүгүн төрага Чыныбай Турсунбековдун ушул жумадагы Иранга сапарын сүйлөштүк. Биздин өлкөлөр үчүн парламенттер аралык байланыштар абдан олуттуу мааниге ээ. Мыйзам чыгаруучу органдарын бекемдөө көз карашында дагы”, - деди Э.Абдылдаев.

Пикир

Оставить комментарий