• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жана Катар авиакаттамдар тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошевдин «Qatar Airways» авиакомпаниясынын башчысы Акбар Аль-Бакер менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР жана Катар Мамлекетинин ортосундагы авиакаттамдар тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Анын ичинде, министр А.Кожошев кыргыз-катар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий мамилелерин мындан аркы тереңдетүү жана өз ара туристтик алмашуусу Бишкек-Доха түз авиакаттамдарын ачууда маанилүү болуп саналарын белгиледи.

Буга байланыштуу, ал Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуулардын потенциалы чоң экендигин баса белгилеп, “Манас” аэропортунун жаңы мүмкүндүктөрү тууралуу маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки шаардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселесин талкуулоону улантууга келишишти.

Пикир

Оставить комментарий