• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Катар биргелешкен IT-академия ачышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Катар эки өлкө ортосундагы университеттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнү пландап жатышат. Маселенин чоо-жайын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Катардын Билим берүү министрлигинин ЖОЖдор боюнча департаментинин директору Халид Алб-Али талкуулашты.

“Катарда жана Кыргызстанда өз ара кызматташа турган көптөгөн окуу жайлар бар. Бул кызматташууга багыт берип, окуу жайлар ортосундагы келишимдин түзүлүшүнө жардам берүү керек. Андан тышкары биз илим изилдөө жаатында да кызматташсак болот”,-деп билдирди Халид Аль-Али.

Кудайбердиева “Таза коом” программасын жүгөзө ашыруунун алкагында министрликтин ишмердүүлүгү тууралуу айтып, биргелешкен IT-академия ачуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий