• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жана Катар жалпы аскердик маселелерди талкуулашты – КР Башкы штабы

Саясат 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Бүгүн Бишкекте КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев Катар Мамлекетинин коргоо жана кризистерди башкаруу Улуттук борборунун командачысы Жассим Ахмед Аль-Моханади менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар аскердик жана аскердик-техникалык тармакта эки өлкөнүн кызматташуусун талкуулашты. Бул тууралуу КР КК БШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Ведомстводон билдиргендей, тараптар кызматташуунун маанилүү багыттарын, анын ичинде Кыргызстан жана Катардын ортосунда кризистик кырдаалдарды башкаруу, эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүү, аскер тармагында тажрыйба алмашуу, аскердик-техникалык кызматташууну талкуулашты. Катардын коргоо жана кризистерди башкаруу Улуттук борборунун командачысы жылуу кабыл алуу жана сапарды уюштурууга ыраазычылык билдирди. Ал катар тараптын КР менен аскердик жана коопсуздукту камсыздоо тармактарында кызматташууга кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий