• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Катардын ТИМ башчылары кызматташуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 18.02.18 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кечээ Катар мамлекетинин вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдульрахман бин Джасим Аль-Тани менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки жактуу кызматташуусун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министрлер тараптардын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларын өнүктүрүүгө, анын ичинде жогорку жана бийик деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, өлкө экономикасына катар инвестицияларын тартууга кызыкдарлык билдиришти.

Министрлер эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда саясий сүйлөшүү жолу менен мындан аркы терең конструктивдүү диалогдун зарылдыгы тууралуу айтышты.

Пикир

Оставить комментарий