• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан жана Казакстан кызматташтык боюнча комплекстүү программага кол койду

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Негизги документтердин бири — Кыргызстандын жана Казакстандын ортосунда үч жылдык Кызматташтык боюнча комплекстүү программа. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик визитинин алкагында массалык маалымат каражаттарына кайрылуу жасап жатып билдирди.

Өлкө башчысы маалымдагандай, аталган программа эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыйт.

"Жалпысынан, кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына ыраазы экенин жана өз ара аракеттенүүбүз жемиштүү уланып жатканын өзгөчө белгилейм. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр мындан ары да бардык деңгээлде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну жигердүү улантууга түрткү берет", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Президент Казакстан — биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз жана ынак кошунабыз, экендигин эске салды.

"Кыргызстандын жана Казакстандын ортосундагы боордоштук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери — биздин элдердин бакубат жашоосуна өбөлгө болот. Казакстан Республикасынын президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин мамлекеттик иш-сапарынын жыйынтыктары кыргыз-казак элдеринин ынтымагын, бир туугандыгын арттырууга кызмат кылат", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий