• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Казакстан онлайн окутуу боюнча бирдиктүү порталды түзүшү ыктымал

Билим 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумдун алкагында Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров менен Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусиндин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар пандемия маалында онлайн форматында окутуу процессин уюштуруу, эки өлкөнүн билим берүү мекемелерин дистанттык окутууга өткөрүү тажрыйбасын бөлүшүштү жана абитуриенттерди кабыл алууну, мектеп окуучуларынын сынактарды тапшыруусун, мугалимдердин жана окутуучулардын иштөөсүн уюштуруу маалында баштан кечирген кыйынчылыктарды талкуулашты.

Андан тышкары, тараптар Борбор Азия чөлкөмүнүн маалымат технологияларын жана адам ресурстарын бириктирүүгө мүмкүндүк бере турган онлайн окутуу боюнча бирдиктүү интернет порталды түзүүдө кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты. Атап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын профессорлору өздөрүнүн дарстарын, китептерин жана башка окуу материалдарын жайгаштыра ала турган бирдиктүү электрондук порталды түзүү, ошондой эле инженердик предметтер үчүн бирдиктүү контентти иштеп чыгуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маалымат технологиялары секторунун билим берүүдөгү жана жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү санариптик өнүгүүдөгү демилгелерин колдоого алууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий