• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан жана Казакстан парламент төрагалары телефон аркылуу сүйлөштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-январда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, баарлашуу маалында төрага Нурланбек Шакиев Маулен Ашимбаевди сенат төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, Маулен Ашимбаев жакында эле Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле тараптар мамлекеттер аралык байланышты чыңдоо, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий