• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Казакстанда бейтаптарды алыскы райондордон учак менен ташуу кызматы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 23-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын жана Казакстандын жашоочулары үчүн алыскы райондордон бейтап же жабырлануучуну Бишкек шаарынын тиешелүү стационарларына учак менен ыкчам жеткирүү мүмкүндүгү пайда болду. Бул тууралуу «Liberty-Med» медициналык кызматынын станциясынан билдиришти.

“Кабар” агенттигине «Liberty-Med» станциясынан билдиргендей, ташууларды алардын медкызматкерлери ишке ашырат. «Liberty-Med» учак берген компания менен келишим түзгөнү белгиленет.

“Ошондой эле, зарыл болсо, биз вертолет да чакырта алабыз. Амфибия Л44 учагы ар кандай суулуу жерге коно алат. Билдирүү түшкөн соң, биз аларга кабарлайбыз. 15 мүнөттөн кийин алар бизди кайсы көлмөдөн алып кете алышарынын картасын жөнөтүшөт. Биз Кыргызстандын бардык жетүү кыйын болгон аймактарына жете алабыз. Ал гана эмес, 5-марттан тартып Казакстанга чыга баштадык. Жумасына эки жолу Алмата жана Кордайга барып келебиз. Көбүнесе, бейтаптарды Кордайдан Алматага же Бишкекке жеткирүүгө туура келет”, - деп белгилешти тез жардам кызматынан.

Ошондой эле, «Liberty-Med» кызматынан алардын бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалган 3 тез жардам каретасы бар экендигин айтып беришти.

“Жасалма дем алдыруучу, кычкылтек, реанимациялык жабдуулар, 5 кабат чемодандагы дары-дармектердин толук пакети бар. Буга кошумча тажрыйбалуу адистер. Жалпысынан, бизде 20дай кызматкер иштейт”, - деп кошумчалашты «Liberty-Med» кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий