• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын Башкы прокуратура кызматкерлери тажрыйба алмашты

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрынан 23-октябрына чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери Казакстандын Башкы прокуратурасына иш сапар менен барып келди.

КР башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, сапар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги кеңсеси жана Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктук үстөмдүгү – 2 фаза” программасынын колдоосу менен уюштурулду.

Аталган иш сапарда укук коргоо чөйрөсүндөгү автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, прокурордук көзөмөл функциялары, малыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, жазык-укуктук статистиканы түзүү тармагында окуу-таанышуу иш чаралары өткөрүлдү.

Бул иш-чаралар Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын атайын эсепке алуу жана укуктук статистика боюнча Комитетинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө уюштурулду.

Казакстандык кесиптештер тарабынан “Сотко чейинки өндүрүштөрдүн бирдиктүү реестри” (Кыргыз Республикасында – “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри), “Административдик укук бузуулардын бирдиктүү реестри” (“Бузуулардын бирдиктүү реестри”), “Ишкерлердин субъектилер жана объектилердин бирдиктүү реестри” (ишкерлерди коргоо максатында), “Кадагалау” (документтерди электрондук түрдө жүгүртүү) системасы, жол кырсыктарын эсепке алуу, электрондук кылмыш иш, кылмышкерлерди, дайынсыз жоголгондорду жана карыз болгондорду издөө жана башка инновациялык чечимдер тааныштырылды.

Ошондой эле, кызматкерлер Казакстан Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруу борборунда дагы болушуп, борбордун ишмердүүлүгүнө жана колдонгон технологияларына күбө болушту (коомчулук менен кызматташуу - сервистик тейлөө модели негизинде).

Биздин делегация КР Башкы прокуратурасынын автоматташтырылган маалыматтык системаларын көрсөтүп, өлкөдө пландаштырылган жана ишке ашырылган санариптик долбоорлор боюнча маалымат берди.

Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча алган тажрыйба прокурордук ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттырууда оң жыйынтык берет.

Пикир

Оставить комментарий