• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан жана Пакистан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кечээ, 15-мартта Исламабад шаарында элчи Эрик Бейшембиев "TCS Express" логистикалык компаниясынын дипломатиялык корпусу менен иштөө боюнча кеңешчи Ахсан Мухтар Зубайри менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу контекстинде Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы логистикалык транспорттун маселелери талкууланды.

"TCS Express" компаниясы Пакистанда Кыргызстандын өнүмдөрүн экспорттоого көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: "TCS Express" 1983-жылы негизделген Пакистандын алдыңкы курьердик жана логистикалык компаниясы. Компаниянын Пакистанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө дагы бир нече миң өкүлчүлүктөрү бар. TCS Expressтин баш кеңсеси Пакистандын Карачи шаарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий