• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан жана Пакистан ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кечээ, 1-февралда пакистан тарабынын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Пакистандын тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши менен телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Пакистандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы 2021-жылдын 19-декабрында Исламабад шаарында болуп өткөн Ислам кызматташтыгы уюмунун Тышкы иштер министрлеринин 17-кезексиз отурумуна Кыргыз Республикасынын жогорку деңгээлде катышкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде, министр Р.Казакбаев пакистан тарабына аталган иш-чараны мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бүгүнкү күндө Афганистан экономикалык, финансылык, гуманитардык жана энергетикалык татаал кризисти башынан өткөрүп жаткандыгын белгиледи жана ушуга байланыштуу ИКУ ТИМдер отурумунда кабыл алынган резолюциянын алкагында афган элине жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн (2022-жылдын 10-майы) 30 жылдык мааракесин өткөрүү планын жигердүү талкуулап, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык ж.б. багыттарда кызматташуунун «Жол картасын» биргеликте иштеп чыгып, ишке ашырууга макулдашты.

Тараптар ар кандай деңгээлдерде жана багыттарда делегациялар менен алмашууну туруктуу негизде активдештирүү тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий