• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана ӨР салык мыйзамдарын сактоо боюнча өз ара жардамдашат

Президент 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.

Макулдашууда салыктык укук бузуулардын алдын алуу, бетин ачуу жана ага бөгөт коюу менен байланышкан маселелерди биргелешип координациялоону, ошондой эле Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча өз ара жардамдашууну камсыз кылган жоболор бекитилген.

Мындан тышкары макулдашуунун жоболору эл аралык салык салуу укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы проблемаларды жана милдеттерди чечүүдө бирдей ыкма пайдаланууну аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий