• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстан жана Россия террористтер боюнча маалымат алмашууга макулдашышты

Коом 0

Бишкек, 21.11.18 /Кабар/. Россиянын жана Кыргызстандын коопсуздук кеңештери террористтик топтордун катышуучулары жана өлкөлөрүнө кайтып барган согушкерлер тууралуу маалымат алмашууга макулдашышты. Бул боюнча Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николой Патрушев жана анын кыргыз кесиптеши Дамир Сагынбаев сүйлөшүштү. Мындай маалыматты Интерфакс жазып чыкты.

Россиянын жана Кыргызстандын жарандарын, айрыкча жаштарды эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдарга азгырууга каршы жана радикалдык экстремизмдин жайылышына каршы күрөшүү практикасы талкууланды.

Андан сырткары экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдар жөнүндө маалымат алмашууга басым жасалды деп билдирет Россиянын Коопсуздук кеңешинин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий