• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан жана Россия толук түрдө рубль менен эсептешүүгө өттү

Экономика 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Кыргызстан жана Россия толук түрдө рубль менен эсептешүүгө өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу майдын баасы Россияда өсүп жаткандыктан Кыргызстанда да кымбаттоодо.

“Акыркы убакта доллардан алыстап, рубль менен эсептешүүгө өттүк. Доллар менен евронун туруксуздугу болуп турганда биз күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча Россия менен эсептешүүнү доллар менен жүргүзгөнбүз. Бүгүнкү күндө рубль менен эсептешүүгө өткөндөн кийин россиялык валюта 38 пайызга чейин бекемделип, ал тиешелүү түрдө биздин валютага которгондо өсүүдө”, — деди чиновник.

Амангелдиев белгилегендей, буга чейин эле негизги товарлардын төлөмдөрү рубль менен жүгүзүлүп келген.

“Күйүүчү-майлоочу майлар келишимге жана ишкананын өзүнүн талабына ылайык доллар менен сатылган. Россияга каршы санкциялардын киргизилишине жана россиялык банктардын SWIFT системасынан ажыратылышына байланыштуу төлөмдөрдө көйгөйлөр жаралган. Ошондуктан, биздин компаниялар эсептөөнү жүргүзүүдө белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болгон. Буга байланыштуу рубль менен эсептешүүгө өтүү чечими кабыл алынды”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий