• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана Россиянын достугу туруктуу бойдон калышы керек - Патриарх Кирилл

Коом 0


Бишкек, 28-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кечээ Кыргызстанга келген Москванын жана бүт Россиянын Ыйык Патриархы Кирилл дүйнөдөгү саясий кырдаалга карабастан, Кыргызстан жана Россиянын достук мамилелери туруктуу бойдон калышы керектигин билдирди.

“Манас” аэропортундагы маалымат жыйында ал биринчи кезекте Кыргызстанга православие дининдегилер менен бирге сыйынып, православие чиркөөсүнүн жашоосу менен таанышууга келгендигин белгиледи.

“Кыргызстан меймандос өлкө. Кыргыздар жана орустар достукта жашашат. Орус тили элдин жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Биз чыгармаларынан тарбия алган мыкты кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эстесек эле жетиштүү болот. Бул биздин өз ара тыгыз байланыштуу маданиятыбызды күбөлөндүрөт. Бул биздин эл аралык мамилелерибиздин дүйнөдөгү саясий кырдаалга карабастан өнүгүшүнө ишеним жаратат”, деди ал.

Ошондой эле, Патриарх Кирилл Кыргызстанга тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий