• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын алкагында 221 пункттан турган иш-чара өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын алкагында 221 пункттан турган иш-чара өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, мурунку жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында "2020-жыл – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы" деп жарыялоо боюнча макулдашууга кол коюлган.

"Кайчылаш жылын өткөрүүгө эки мамлекеттин уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитет ушул жылы өткөрө турган иш планын иштеп чыкты. Иш план бүгүнкү күндө 221 пункттан турат. Азыр 100дөн ашык иш-чара өтүүсү күтүлүп жатат", - дейт Жаманкулов.

Министр жылдын ачылыш аземи ушул жылдын февраль айынын экинчи жарымында Москвадагы чоң театрында өтөөрүн айтат.

"Москвадагы чоң театрда классикалык-фольклордук жанрда ачылыш өтөт. Ачылыш аземине Кыргызстандан 200дөн ашык маданий кызматкерди жөнөтүү пландалууда. Концерт эки күн болот. Биринчи күндө эки өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин катышуусунда ачылыш аземи болсо, экинчи күндө мекендештер үчүн деп концерт коебуз", - деди ал.

Министр белгилегендей, ачылыш аземи Россияда белгиленсе, жабылуу аземи Кыргызстанда өтөт.

"Жабылуу аземи сентябрь айында Бишкекте болоору белгиленип жатат. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары катышат. Белгилеп кетчү нерсе, кайчылаш жылдын алкагында саясий, социалдык, экономикалык иш-чаралар уюштурулат. Алардын 70%ы маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралар",- деп билдирди Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий