• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын алкагында Баткенде аллея ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын жана Россиянын кайчылаш жылынын алкагында Баткен шаарында "Российская газета" аллеясы ачылды. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен шаарынын мэри Мамыр Тойчуев, "Россия газетасынын" Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков жана аталган басылманын ага кабарчысы Любовь Борисенко жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Мадумаров “бул аллея Кыргызстан менен Россиянын, анын ичинде Баткен Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн достугун, кызматташтыгын бекемдеген аллея болсун” деген каалоо тилектерин айтып, Россия биздин туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшүбүз, мындан ары да кызматташууга кызыктарбыз деди.

Бул күнү Россия Федерациясынын өкүлдөрү КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен жолугуп, 2020-жылга кызматташууну талкуулашты. Жолугушууда балдарын орус тилдүү мектепте билим алуусун каалаган ата энелердин суроо талабына жараша, орус тилдүү мектептерди ар тараптуу колдоо, нормадан эки, үч эсе көп балдар билим алып жаткан мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоо, зарылчылыкка жараша кошумча имараттарды куруу, Россия жалпыга маалымдоо каражаттары менен Баткен облусунун ММК өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу сыяктуу ар тараптуу кызматташуу макулдашылды.

Андан соң Россия ММК өкүлдөрү Баткен шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Ашир Рахматов жана Садык Бурканов аксакалдар менен да жолугушту. Ошондой эле шаардагы Жоомарт Бөкөнбаев жана облустук гимназия мектебинде Россия-Кыргызстан достугу тууралуу ачык сабак өтүшүп, орус тилиндеги китептерди тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий