• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан жана Россиянын Куралдуу Күчтөрү кызматташууда

Коом 0

Бишкек, 07.03.18. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси генерал-майор Райымберди Дүйшөнбиев бүгүн Россия Федерациясынын КК Борбордук аскердик округунун башчысы генерал-лейтенант Александр Лапин менен жолугушту.

КР КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар учурдагы эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашып, мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, республикада жүрүп жаткан биргелешкен командалык-штабдык машыгууларды талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары эки жактуу кызматташуу планы ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилешти.

Жолугушуудан кийин РФ КК БАО башчысы Балыкчы шаарындагы КР КК Кургактагы аскерлеринин жана РФ КК БАО бөлүктөрүнүн биргелешкен командалык-штабдык машыгуулардын активдүү фазасына катышууга кетти.

Пикир

Оставить комментарий